• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кызыл-Кыядагы диагностикалык борборго медициналык жабдыктар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин базасында жайгашкан диагностикалык борбор медициналык жабдыктар менен толукталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кувейттин Бүткүл дүйнөлүк "Ар-Рахма-Аьламия" кайрымдуулук фонду жана “Смарт Дженерейшн” коомдук фонду тарабынан 7 млн сомдук заманбап үлгүдөгү медициналык жабдыктар тапшырылды.

Салтанттуу иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев катышып, өз кезегинде көп убакыттан бери иш жүргүзүп келе жаткан кайрымдуулук фонддун өкүлдөрүнө Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, калктын муктаждыктарын чечүүгө көмөктөшкөндүктөрү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жаӊы медициналык жабдыктар Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынын жана коӊшулаш райондордон келген бейтаптардын анализдерин жана диагноздорду так аныктоого шарт түзөт.

Белгилей кетсек, Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан “Ыйман” комплексинин курулушу 2016-жылы башталган. Мында медициналык клиника, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, жеке мектеп жана мечит жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий