Кызыл-Ордо, Орто-Сай базарларындагы ишкерлерге ККМ колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.12.23. /Кабар/. Бишкектин Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев салык кызматкерлери менен биргеликте Кызыл-Ордо жана Орто-Сай базарларындагы ишкерлерге кассалык аппараттарды колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иштөөнүн артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматтык буклеттер таратылды.

Мындан тышкары, ишкерлерге кеңеш берүү үчүн базарлардын аймагынан салык кызматынын кызматкерлери үчүн атайын жумуш ордун берүү чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Октябрь районунун базарларында 960 адам ишкерлик менен алектенет.

Пикир

Оставить комментарий