• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Лас-Вегастагы массалык атышуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 06.10.17. /Кабар/. Лас-Вегастагы атышуудан каза болгондодун арасында кыргызстандыктар жок,-деп билдирет КР ТИМнин басма сөз кызматы.

“Америка бийлигинин маалыматы боюнча Лас-Вегастагы массалык атышуудан каза болгон жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, жекшемби күнү кечинде Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам Стивен Пэддок ок чыгара баштаган. Натыйжада 60 адам каза болуп, 500гө жакыны жаракат алган. Кийинчерээк Пэддок өзүн-өзү өлтүргөнү маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий