• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Президенттик шайлоодо шайлоочулар кагаз тизмелерге жазылуулары керек - Догоев

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 06.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 15-октябрдагы президенттик шайлоодо шайлоочулар идентификациялык системадага гана эмес, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кагаздагы тизмелерине да жазылат. Бул тууралуу шайлоо системасын сунуштоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев билдирди.

Анын айтымында, УШК ар бир мүчөсү добуш берүү күнү шайлоочуларды кагаздагы тизмеге кошот, анын ичинде паспорттук маалыматтары да жазылат.

“Андан соң жаран тизмеге кол коюп, ага бюллетенге алмаштырууга чек берилет. Тагыраагы, манжа издери аркылуу электрондук идентификациялоодон өткөн соң, кагаздагы тизмеде шайлоочу өзүн тактайт. Бул шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыздоо чаралары катары кабыл алынган”, -деп түшүндүрдү ал.

Ошондой эле, Догоев МКК идентификаициялык системасы, тактап айтканда манжа издерин алган камера жана сканерлер автоматтык эсептөөчү урналар менен байланышы жок экенин билдирди.

“Жаран добушун кимге бергенин аны идентификациялоо жана бюллетенди урнага салуу жолу менен билүүгө боло турганы тууралуу имиштер чыкты. Бирок мен билүүгө мүмкүн эмес деп айткым келет. Анткени эки системанын өз ара эчкандай чубалгылар менен байланышы жок, эч кандай башка жол менен да болбойт”,-деп кошумчалады ал.

МКК башчысы шайлоочулардын тизмесине 3 млн 25 миң 768 жаран кирген. Белгилей кетсек, биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган адамдар шайлоо добуш бере алышпайт.

Пикир

Оставить комментарий