• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттикке талапкер С.Жээнбеков Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушту

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков өзүнүн үгүт кампаниясынын алкагында Нарын облусунун Кочкор районунун шайлоочулары менен жолугушту.

С.Жээнбеков шайлоочулар менен өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө байланышкан маселелердин тегерегинде пикир алышты. Ал Кыргызстан кубаттуу дараметке ээ экендигин жана туруктуу өнүгүү үчүн бардык ресурстар, барык мүмкүнчүлуктөр бар экендигин баса белгиледи. "Мен ар бир аймактын көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун жакшы билем. Премьер-министр болуп иштеген бир жылдан ашуун убакыт ичинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар маселелерин чечүүгө жетише алдык”, деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал ошондой эле былтыр ушул мезгилде 13 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү быйылкы 7 айда 30 пайызга өскөндүгүн белгиледи. «2016-жылдын апрелинде мен Премьер-министр кызматына киришкен мезгилде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр-жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады», - деп эске салды Сооронбай Жээнбеков.

«Ирригация тутумун жакшыртуу, таза ичүүчү суу, турак-жай менен камсыз кылуу, социалдык чөйрөдөгү, маданий агартуучулук, спорт жаатындагы маселелер, жумушсуздук көйгөйүн чечүү – калкым эмнелерге муктаж экендигин мен жакшы билем” , - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Чыгып сөз сүйлөгөндөн кийин талапкер шайлоочулардын суроолоруна жооп берди. Көпчүлүк суроолор жазуу жүзүндө берилди. Алардын басымдуу бөлүгү социалдык-экономикалык чөйрөдөгү абалды жакшыртууга, жолдорду ремонттоого, жеңилдетилген насыяларды берүүгө байланыштуу болду. Ошондой эле жеке мүнөздөгү суроолор да берилди. Сооронбай Жээнбеков суроолорго жооп берип, убакыттын тардыгынан улам жазуу жүзүндөгү берилген суроолорго сөзсүз жооп берилээрин жана алар жеке көзөмөлүндө болоорун убада кылды.

Ошондой эле ал Кочкор району бир катар легендарлуу инсандардын кичи мекени экендигин белгилеп, анын ичинде убагында парламентте бирге иштешип калган көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиев да бар экендигин айтты.

Жолугушууга жергиликтүү тургундардан тышкары интеллигенциянын, маданият жана спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

  • Даярдоочу: КУМА "Кабар"
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий