• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жалал-Абадда С.Жээнбековду колдоого 50 миңден ашуун шайлоочу келди

Шайлоо 2017 0


Бишкек, 11.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда Жалал-Абад шаарында жолугушуу өткөрүп, ага шаар тургундарынын жана Сузак районунун айрым айылдарынын жашоочуларынын ичинен 50 миңден ашуун шайлоочу келип катышты.

Сооронбай Жээнбеков жалал-абаддыктарга «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы туурасында айтып берди: «Менин программам - жөнөкөй, түшүнүктүү жана ишке ашырууга толук мүмкүн болгон реалдуу программа. Биринчиден – буга чейинки аткарылып келген иштерди ырааттуу улантуу. Экинчиден – реформалардын жаңы этабынын кепили болуп берүү. Менин максаттарым менен милдеттерим – ачык-айкын жана эң жөнөкөй. Колумдан келбеген нерселерди убада кылбайм, көзүм жеткен нерселер туурасында гана сөз кылам. Программамдын максаты – буга чейинки конкреттүү аткарылган иштерди көрсөтүп берүү. Биз эмнеге таянып, келечекте эмнелерди аткара ала тургандыгыбызды ачыктап берүү», - деп белгиледи Жээнбеков.

Ал жакынкы алты жылда аткарыла турган иштер арбын экендигин жана ишке ашырылган нерселерди бекемдөө зарылдыгын белгиледи. «Элибиздин мээнетинин, биримдигинин аркасы менен Кыргызстаныбызда бейпилдик жана туруктуулук өкүм сүрүп турат. Биз буга оңой-олтоң эле жетише койгон жокпуз. Аны көздүн карегиндей сактап, жоготуп албашыбыз керек! Мен премьер-министр болуп турган мезгилде экономикалык өсүштүн деңгээлин дээрлик 12% жеткирдик. Биз муну менен мактанып, жар салбай эле билек түрүп иштеп келдик. Кыргызстаныбызда өндүрүш менен өнөр-жайдын, айыл-чарбасынын жана башка тармактардын өсүшүн камсыздадык. Экспорттун көлөмүн 30% жогорулаттык. Эми бизде реформаларды улантууга мыкты пайдубалыбыз бар. Кыргызстандыктардын турмушунда, өлкөбүздө позитивдүү өзгөрүүлөргө жол ачылды», - деп билдирди Жээнбеков.

Ошондой эле ал айлык акылар менен пенсияларды көтөрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, айыл-чарбасына берилле турган жана ипотекалык насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү маселелери дайыма көңүл борборунда боло тургандыгын баса белгиледи. Жолугушуунун аягында ал жалал-абаддыктардын суроолоруна жооп берди. Суроолор, негизинен, социалдык-экономикалык көйгөйлөргөб айланыштуу берилди. «Мага менин үй-бүлөм, бир туугандарым туурасында көп суроо беришет. Мен үчүн мамлекет баарынан кымбат. Мен эч качан жеке кызыкчылыгымды мамлекеттик кызыкчылык менен аралаштырган эмесмин. Менин жакындарым жана бир туугандарым эч качан мамлекеттик башкарууга аралашпайт», - деди Жээнбеков.

Жалал-Абад шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин кызуу колдоп, алдыдагы шайлоодо өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деп эсептеген Сооронбай Жээнбековго гана добуш бере тургандыктарын белгилешти. Сооронбай Жээнбеков – шайлоо бюллетенинде №9!

Белгилеп кое турган нерсе – 11-октябрда Сооронбай Жээнбеков Ош облусу жана Ош шаарынын шайлоочулары менен жолугушмакчы.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 11.10.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий