Лейлек айыл аймагындагы өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Лейлек районунун Лейлек айыл аймагында сел кесепеттерин жоюу иштери толугу менен аяктап, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 24-июнь күнү жааган нөшөрлүү жаандан улам аталган айыл аймакта сел суулары келип, 26-июнда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий