• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

COVID-19: Нарын облусунда 1 миң 265 орундук даярдалган

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Нарын облусунда 1 миң 265 орундук даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, облуска чет өлкөдөн келген жарандар үйлөрүнө коё берилбестен обсервацияга алынууда.

"Анын ичинен 291 койкалуу 6 оорукана, 965 койкалуу 14 обсервация даяр турат. Чет өлкөдөн келген жарандарыбыз Бишкектеги обсервацияга жаткырылууда. Ал жерден алынган анализдери таза чыкса, анда облуска келип жатат. Биз дагы обсервацияга жаткырып жатабыз", - дейт өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий