• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Лейлек райондук маданият бөлүмүндө 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.25. /Кабар/. Лейлек маданият бөлүмүндө жасалма ведомосттор аркылуу 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси жасалма ведомосттор аркылуу 6 млн 523 миң 917 сом акча каражатын кымырып алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРКылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий