• 87
  • 90.63
  • 0.79

Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаеванын демилгеси менен Лейлекте IT академиясынын филиалы ачылды.

Парламенттин билдиришкендей, анын алкагында “Лейлекте жашап, бүткүл дүйнө менен иште!” аттуу маалыматтык технологиялар форуму өттү.

Форумда сөз сүйлөгөн депутат эң алыскы райондо ачылып жаткан мекеме өзгөчө аялдар үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгилеп, жаш-кары дебей баарыны билим алууга үндөдү.

Ал эми Жогорку технологиялар паркынын директору Азиз Абакиров демилге көтөрүп, Лейлек районунда филиалдын ачылышына жардамчы болгон депутатка ыраазычылыгын билдирди.

Мындан сырткары, форумда көптөгөн маалыматтык баяндамалар жасалып, сунуш-пикир, идеалар талкууланды.

Эске салсак, "Баткен облусунда аялдар жана кыздар үчүн маалыматтык коммуникациялык технологиялар тармагында билим алуу мүмкүнчүлүгү" долбоорунун алкагында 200 кыз-келин бекер билим алат. Долбоорго Германиянын кызматташтык (GIZ) уюму демөөрчүлүк кылып жаңыдан ачылган IT академиясынын филиалына 25 ноутбук белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий