• 87
  • 90.41
  • 0.84

Лейлекте көмүрдү Өзбекстанга транспорт менен ташууга уруксат берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын 16-ноябрындагы №625 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.

Документке ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 24-октябрындагы № 581 “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пункту “Торугарт автожолу” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автожолу” деген сөздөр менен толукталсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 11, 12-пункттар менен толукталсын:

“11. Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрүү пунктунан Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан Сүлүктү көмүр кенинде казылып алынган көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) тиешелүү документтер (жер казынасын пайдалануу (иштетүү) укугуна лицензиялардын, көмүрдү сатып алуу-сатуу келишиминин, көмүрдүн сапатына сертификаттын, эсеп-фактуранын көчүрмөлөрү) бар болсо, ташып чыгууга жол берилет деп белгиленсин.

12. 2022–2023-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүү мезгилинде Баткен облусунун калкына жана бюджеттик уюмдарына көмүр жетишсиз болгондо жана баасы жогорулаган учурда Сүлүктү шаарынын мэрине жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.”;

– 4-пунктундагы “1-пунктунан” деген сөздөр “1, 11-пункттарынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 4¹-пункт менен толукталсын:

“41. Бул токтомдо белгиленген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары аркылуу автомобилдик транспорт менен көмүрдү (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) ташып чыгууну (экспорттоону) жүзөгө ашырууда жайылтылбайт деп белгиленсин”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий