• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Лейлекте "Кайрагач" чек ара заставасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 12.10.24. /Кабар/. Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районунда "Кайрагач" чек ара заставасын ачылыш аземине катышты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, аталган чек ара заставы 2012-жылы курулуп башталып, бирок бүткөрүлбөй, кайра кароосуз калып калган. Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлү астында курулуш иштери кыска мөөнөттө заманбап шарттары менен бүткөрүлдү.

"Кайрагач" чек ара заставасы заман талабына толугу менен жооп берет жана чек арачылардын кызматтык милдеттерин так аткарышы үчүн бардык тийиштүү аскердик каражаттар менен камсыздалган. Мончо, спорт комплекси жана аскер кызматкерлеринин эс алуусу үчүн да тийиштүү шарттар каралган.

Камчыбек Ташиев шарттар менен таанышып чыгып, чек арачыларды куттуктады жана кызматтык милдеттерин так аткарууга, мыйзамды кынтыксыз сактоону эскертти:

"Мамлекетибиз тарабынан, урматтуу президентибиз тарабынан сиздер үчүн ушунчалык көңүл бурулуп, чек арабыздын бекем болушу үчүн болгон мүмкунчулүктөр колдонулуп жаткандан кийин, сиздер дагы өз милдеттериңди так, берилгендик менен жана мыйзамды кынтыксыз сактоо менен аткарышыңар керек. Араңарда анча-мынча мыйзамсыздыктарга жол берип жаткандар бар экенин билемин. Эгер тез арада ал кемчилдиктерди жойбосоңор, мен тараптан катуу чаралар көрүлөт! Мекенибиздин чек арасын, тынчтыгын жана коопсуздугун сактоодо эч кандай маселе болбошу керек..." - деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий