• 87.91
  • 95.39
  • 0.99

Нарында Көз карандысыздык күнүнө карата футбол боюнча турнир старт алды

Аймак 0

Бишкек, 25.08.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Бүгүн, 26-августта Нарын шаарынын борбордук стадионунда КРнын Көз карандысыздыгынын 26-жылдыгына карата футбол боюнча кичи мелдеш старт алды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Кайгуул милициясынын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Тилек Оторов билдирди.

“Турнир – ички иштер кызматкерлери арасында спортту жайылтуу жана ден соолукту чыңдоо максатында өткөрүлүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Турнирде жалпысынан 9 команда мелдешүүдө.

Командалар арасындагы финалдык оюн кечки саат 17:00 өтүп, жеңүүчүлөр сыйланып, турнирдин жабылуу аземи болот.

Турнир КР ИИМнин Нарын облусу боюнча күзөт кызматы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий