Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Азиз Садырбековдун төрагалыгы алдында Ленин районунда шайлоого карата даярдык текшерилди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, райондун шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык камсыздалышы, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу системасынын сакталышы, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустар менен камсыздалышы текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө шаардык жана райондук кызматтарга УШКларда материалдык-техникалык камсыздоо процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссияларын пандустар менен камсыз кылуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле шайлоого аралашпоосу тууралуу кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү тапшырылды.
Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.
Ленин районунда шайлоого карата даярдык текшерилди
24/05/23 11:07 Шайлоо 2023 0
Пикир
Оставить комментарий