• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Жалал-Абадда диний экстремисттик уюмдун материалдарын тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Жалал-Абад шаарында "М.М" аттуу жаран интернет тармагында "М.А" аккаунту аркылуу Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдардын биринин материалдарын сактап, таратып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты Жалал-Абад шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") негизинде кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 22-27-май күндөрү ѳткѳрүлүп жаткан "Экстремист" операциясынын алкагында Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.М. кармалып, тиешелүү далил буюмдар алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий