• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кувейттин компаниясы Кыргызстандагы инвестициялык климатты изилдөөгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Кыргызстанга Кувейт инвестициялык компаниясынын делегациясы келди, деп кабарлайт КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы.

Кыргызстандын инвестициялык климатын изилдөө максатында келген делегация менен СӨП вице-президенти Элмира Батаева жолуккан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин жана Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү секторлоруна инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

"Кувейт инвестициялык компаниясы Кыргызстандагы инвестициялык климатты изилдөөгө кызыкдар, бул эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланыштардын чыңдалышына алып келиши мүмкүн. Эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана потенциалдуу инвестициялык долбоорлорду изилдөөгө даярдыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Соода-өнөр жай палатасы ак ниеттүү өнөктөштөрдүн реестрин берүүгө, ошондой эле Кувейт тарапты кызыктыра турган долбоорлорду берүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий