• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 2 миң тонна дизель берди

Экономика 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборундагы буга чейинки авариялык кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн Казакстан 2 миң тонна дизель отунун жөнөттү.

1 миң тонна дизель түрүндөгү гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда Казакстандын "Резерв" Республикалык мамлекеттик ишканасынын "Заря" филиалынан жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 17 вагон-цистернага салынган бул жүк Бишкекке келип, Кыргызстандын Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди.

"Эми калган 17 вагон (1000 тонна) дизелдик отуну жакында келет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий