• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Каржы министрлиги: Кыргызстандын карызы $1 млрд көбөйгөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Экономика 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын карызы 1 млрд долларга көбөйгөндүгү тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстан 2020 жана 2021-жылдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен 1 126,4 млн АКШ доллары суммасында финансылык макулдашууларга кол койду.

Анын ичинен:

$358,8 млн грант;

$767,6 млн насыя.

Маалымат үчүн: 2020-жылы 773,3 млн АКШ доллары, 2021-жылы 353,1 млн АКШ доллары суммасында макулдашууларга кол коюлган.

Белгилей кетсек, каражат негизинен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртууга, бюджетти колдоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий