• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарына электрондук шлагбаум коюлду

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык унаа базарынын расмий түрдө ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаар тургундары катышты.

Спутник кичирайонундагы муниципалдык унаа базары 2021-жылдын 25-мартынан тартып иштеп баштаган. Ал эми бастырма куруу, электрондук шлагбаум орнотуу сыяктуу жумуштары эми толугу менен аягына чыгарылды.

Мындан сырткары, базардын тегерегине бак-дарактын көчөттөрү отургузулуп, көрктөндүрүү жумуштары жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, муниципалдык унаа базар аптанын шаршемби жана бейшемби күндөрү иштейт. Анын аянты 3,2 гектарды түзүп, 1600дөй автоунаага ылайыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий