• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунун аймагында "Селсаяк" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 20-апрелден 22-апрелине чейин Ош облусунун аймагында "Селсаяк" аталыштагы профилактикалык алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган рейддин максаты коомдук жайларда, эс алуу жайларда, базарларда, соода-сатык жайларда жолдун кесилиштеринде, мектепти окубастан тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо.

Ошондой эле рейд учурунда аныкталган балдардын арасында ата-энеси, жашаган жери так аныкталбаса аталган балдардын жашаган дарегин жана ата-энесин тактоо максатында Ош ОИИБдин Балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип тийиштүү тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Эскертүү! Урматтуу Ош облусунун жарандары, ата-энелер өлкө аймагында "Орозо айы" болгондугуна байланыштуу кечки убакытта автоунаа жолдордун кесилиштеринде, кафелерде, коомдук жайларда жарамазан айтышып, балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралууда, ошондуктан балдарыңызды көзөмөлсүз калтырбай, коопсуздугуна көңүл буруңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий