• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ленин районунун акими Султанов: 23 миң 134 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 05.05.20./Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин району боюнча жалпысынан 23 миң 134 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Ленин районунун акими Токтосун Султанов билдирди.

Анын айтуусуна караганда, калкка азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүү беш багытта жүрүп жатат.

"Биринчиси - республикалык бюджеттен келип жатат. Учурда 3,5 миң кап ун, 450 кап кумшекер, 8 миң азык-түлүк баштыкчасы берилди. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 4 миң 182 азык-түлүк баштыкчасы таратылды. Үчүнчү - жеке бизнес тармагынан жардам көрсөтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 5 миң 880 азык-түлүк баштыкчасы таратылды. Ошол эле маалда Араб мамлекетинин Бишкек шаарында жайгашкан фонддорунан дагы 2 миң 500 азык-түлүк баштыкчасы таратылды. Андан тышкары, жеке жактар да өз жардамдарын көрсөтүп жатат", - деп билдирди ал.

Султанов муктаж болгон жарандардын тизмеси кандай жол менен аныкталып, түзүлүп жаткандыгына токтолду.

"Биринчи - Ленин райондук социалдык башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча аныкталууда. Башкача айтканда, бул бизде каттоодо турган адамдар. Экинчи - кварталдык жана үй комитеттеринин турак-жай ээлери шериктештигинин төрагалары тарабынан түзүлгөн тизме боюнча кетүүдө. Үчүнчү - Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борбору аркылуу түзүлгөн тизме (аз камсыз болгон окуучулардын ата-энелери, мугалимдердин арасында), төртүнчүсү - Ленин райондук администрациясынын расмий баракчалары аркылуу алынган тизменин негизинде (интернет булактары) түзүлөт", - дейт ал.

Ленин районунун акими кошумчалагандай, коронавирус пандемиясы башталганда район боюнча 3 ыкчам байланыш номери ишке киргизилген. Учурда 3 миң 357 чалуу болуп, аларга тиешелүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий