• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Левандовский Чемпиондор лигасында кыска аралыкта 4 гол киргизип, рекорд койду

Спорт 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовский Чемпиондор лигасынын алкагында "Црвена Звезда" командасы менен оюнда покер (4 гол) жасаганга жетишти. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазат.

Чемпиондор лигасынын В тайпасында орун алган эки команданын оюну Белград шаарында өттү. Оюн 6:0 эсебинде "Бавариянын" пайдасына чечилди.

Левандовский "Црвена Звезда" командасына каршы оюнда 14 мүнөт 31 секунд ичинде 4 гол киргизди. Чемпиондор лигасында кыска аралыкта 4 гол киргизген футболчу болуп, рекорд койду. Ошондой эле ал лигада 10 голу менен мыкты чабуулчулар тизмегинин сап башына чыкты.

Буга чейин "Бавариянын" оюнчусу Чемпиондор лигасынын 2012-2013-жылкы сезондун жарым финалында "Реал" командасына 4 гол киргизген. Анда Левандовский "Боруссии" командасынын катарында ойногон.

Пикир

Оставить комментарий