• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Лифттин тарифинин көтөрүлүшү – вице-мэр себебин түшүндүрдү

Коом 0


Үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта көп кабаттуу турак үйлөрдү тейлеген лифттердин тарифи 8,31 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул мурдагы баага салыштырмалуу 3 эсеге кымбат деп калаа тургандарынын арасында дагы деле нааразычылыктар бар. Бишкек шаарынын вице-мэри Рамис Алиев бул маселеге токтолуп, лифттеги тарифтердин көтөрүлүшүнүн себептерин түшүндүрдү.

“Мурда 3,12 сом болсо, азыр 8,31 сом болуп калды. Туура 3 эсе көтөрүлдү. Бирок бир нерсени айтып коюшум керек. 2009-жылдан бери тариф көтөрүлгөн жок. Ошондон бери кадр маселеси да абдан курч болуп келет. Азыркы учурда тилекке каршы адистер “Бишкекшаарлифт” ишканасына иштегенге келбейт. Эми тарифтин көтөрүлүшү түздөн-түз айлыктын да көтөрүлүшүнө таасир тийгизет экен. Мен адистерди ишке чакырам”, - дейт вице-мэр.

Ушул тапта шаар боюнча 966 лифт бар. Өткөн жылы алардын 102си алмаштырылган. Быйыл 53 лифт орнотулду, эми жыл соңуна чейин дагы 47 лифт жаңыртылат. Шаардык мэрия жыл сайын 100дөн лифти алмаштырууну көздөп жатат.

Материалды даярдаган Жазгүл Мадинова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий