• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын аймагында административдик-аймактык реформаны айыл аймактардын деңгээлинде жүргүзүү боюнча окутуу-семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окутуу-семинарга президенттин Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү катышышты.

Иш-чараны президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев баштап, семинардын негизги максаттарына токтолуп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде айыл аймактардын деңгээлиндеги реформаны 2023-жылдын аягына чейин ишке ашырууну белгиледи.

Буга чейин, Нарын облусу жана Түп району боюнча пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүдөгү тажрыйбалар боюнча, аталган аймактардын өкүлдөрү презентация жасап, натыйжалары менен бөлүштү.

Окутуу-семинардын жыйынтыгында реформа алкагында пайда болгон бюджетти пландоо, кадр маселелерин ирээттөө, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, санариптештирүү, жайыт, таза суу, суугат суу ж.б. тууралуу маселелерге жооптор жана түшүндүрмөлөр тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан берилди.

Жогорудагы окутуу-семинар Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү жетекчилеринин катышуусунда 2023-жылдын 14-сентябрында Ош шаарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий