Жалал-Абад облустук милициясы 8 айдын жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 2023-жылдын 8 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ыкчам кеңешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, ОИИБдин бөлүм жана кызмат жетекчилери, шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары катышышты.

Ыкчам кеңешмеде облус аймагында милиция тарабынан 8 айда аткарылган жумуштар жана кетирилген кемчиликтер талкууланып, 9 айды ийгиликтүү жабуу тапшырмасы коюлду.

Жеңишбек Абитов облус аймагында президенттин жарлыгы, министрлер кабинетинин, ИИМдин талаптары милиция тарабынан толук кандуу аткарылышы керектигин белгиледи.

Ыкчам кеңешменин соңунда кызматтык милдеттерин толук аткарбаган бир катар жетекчилерге тартиптик чаралар көрүлүп, кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий