• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өлкө аймагында акыркы суткада 24 жол кырсыгы катталып, эки адам көз жумду - ЖКККББ

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкө аймагында акыркы суткада 24 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 35 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки адам көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 20-декабрда өлкөдө аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барды.

“Башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жана Бишкек - Ош унаа жолунда күчөтүлгөн тартипте иштеди. Башка муниципалдык кызматтар менен биргеликте жолдорду тазалоо, жолдорго кум, туз өңдүү инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүздү”, - деди ал.

Байказы Айтикул уулу Бишкек-Ош унаа жолунда оор жүк ташуучу унааларга күн мурун киргизилген чектөөлөр алынганын билдирди.

“Чектөөлөрдүн бардыгы бүгүн эртең мененки саат 9.00дөн тартып алынды. Азыркы учурда өлкө аймагында жолдордо эч кандай чектөөлөр жок. Каттамдар бар. Башкармалыктын кызматкерлери Бишкек шаарынын көчөлөрүндө орун алган жол тыгындарын жөнгө салуу боюнча иштерди жүргүзүүдө", - деп кошумчалады ал

Пикир

Оставить комментарий