Өлкө аймагында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.06.24. /Кабар/. Өлкө аймагында нөшөрлүү жамгыр жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, 24-25-июнь күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Буга байланыштуу:
- ички чарбалык арыктарды тазалап, жээктерин бекемдеңиз;
- арыктарга таштанды таштабаңыз;
- арыктын нугун бүтөп, көпүрө салбаңыз;
- сел суусу каптап баштаганын көрсөңүз, электр жарыгын, газды өчүрүп дароо үйдөн чыгыңыз;

Кырсык катталганда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий