Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрь саат 08:00го карата өлкөнүн көпчүлүк айактарында кар жаап жатат, ашууларында каттам бар, жол ачык.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жолдорго инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.
Бишкек – Ош унаа жолунда, Боом капчыгайында, Бишкек – Кара-Балта жолунда, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары жана Өтмөк, Ала-Бел, Төө-Ашуу менен башка жолдордо каттам бар.
Ошондой эле Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда жол ачык.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Пикир
Оставить комментарий