Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Айылдарга гана эмес, жайлоолорго чейин бара турган жолдор жасалат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда жолдорду асфальттоо боюнча суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө жол тармагына керектүү атайын техникалар сатып берилди. Жолчулардын айлык акысын мамлекет төлөп жатат. Ал эми жол фондунун каражаты жолдорду оңдоого жана курууга гана сарпталат.
"Айылдарга гана эмес, жайлоолорго, курортторго чейин жолдорду асфальттайлы деп жатабыз. Мына ошол үчүн ушул фонд керек. Бизде 1 млн унаа бар. Айрым айдоочулар унаасын бир айда бир-эки жолу айдайт. 50-100 литр коротот дейли. Кээ бирөөлөр күнүгө 100 литр коротуп айдайт. Анан жолду ошолор талкалап жатпайбы. Кимдин унаасы болсо, асфальтка акча төлөп койсун да. Азыр биз республикалык бюджеттин эсебинен жолдорду жасап жатабыз. Дагы алдыда 10-15 жыл каражат бөлүп беребиз. Ал эми ушул фонд жолдордун абалын карап, бузулуп калса, оңдоо иштерин жүргүзөт. Мына ошондо калыс жана адилеттүү болот", - деди президент.
Пикир
Оставить комментарий