• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Өлкө боюнча боюнча 23 оорукана курулууда – саламаттык сактоо министри

Ден соолук 0

Бишкек, 16.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкө боюнча боюнча 23 оорукана курулуп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, ооруканалар бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен салынууда. 2025-жылдын жаз айларынан баштап бул ооруканалар четинен бүткөрүлүп, жабдуулары жеткириле баштайт.

“Мисалы, Ысык-Көл облусунда жаз айларында 350 орундуу заманбап облустук оорукананы, Чолпон-Ата шаарында 150 орундуу оорукананы кура баштадык. Ош шаарында да 350 орундуу оорукана, Жалал-Абадда 4 оорукана курулуп жатат. Бишкек шаарында 220 орундуу балдар кардиохирургиясын курулууда. Объекттерди бүткөрүү 2025-жылга пландалган”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ошондой эле министр кошумчалагандай, президенттин демилгеси менен Бишкек шаарында Трансплантология жана нефрология борбору, 200 орундуу заманбап төрөт үйү курула баштады.

Пикир

Оставить комментарий