• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Өлкөдө 110 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясын төмөндөтүлгөн баада төлөйт

Коом 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда 110 миңден ашык үй-бүлө электр энергиясын төмөндөтүлгөн баада төлөйт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Президенттин “үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөк пулey алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү (1 кВт саат үчүн 50 тыйын) колдоо чаралары жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу боюнча Эмгек жана Энергетика министрликтеринин ортосундагы бирдиктүү иштерди күчөтүү максатында Эмгек министрлигинин алдындагы Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков менен Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Азат Ишеналиев биргелешкен буйрукка кол коюшту.

Бул документ республиканын райондорунда, облустарында көрсөтүлгөн электр энергиясынын тарифин алуучулардын тизмелерине өзгөртүүлөрдү өз убагында киргизүү үчүн муктаж болгон жарандарды аныктоого ыкчам чара көрүүгө өбөлгө түзөт.

Ошентип, президенттин жарлыгына ылайык, республика боюнча 110 миңден ашык үй-бүлөдө жашаган 353 миң 835 баланы түзгөн “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВт саатка чейин колдонууда 1 кВт саат үчүн 50 тыйындан төлөшүүдө. Социалдык жардамдын мындай түрү 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий