Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыруу багытында Финансы министрлиги тарабынан бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
Ведомстводон маалымдашкандай, азыркы учурда министрлик Дүйнөлүк банк жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкы тарабынан каржыланган "Микро, чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоо" долбоору (мындан ары - долбоор) ишке ашырууда.
Бул долбоор президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жана министрлер кабинетинин Кризиске каршы планын ишке ашыруу максатында жеке ишкерлерди жана ишканаларды колдоого багытталган.
Аталган долбоордун алкагында пайызсыз насыяларды берүүгө 109 млн доллар бөлүнгөн. Каралган каражат жеке ишкерлерге жана ишканаларга 9 коммерциялык банктар аркылуу насыя түрүндө берилет.
2025-жылдын 1-январына карата 11 миң 269 ишкер жана ишканаларга коммерциялык банктар аркылуу 8,5 млрд сомго жакын суммада акча-каражаттар берилген. Белгилей кетүүчү жагдай, насыя алуучулардын 60 пайызын айым ишкерлер түзөт.
Жеңилдетилген насыялардын шарттары тууралуу айта кетсек, каражаттар улуттук валютада, 3 жылдык мөөнөткө чейин, пайызсыз түрдө берилет.
Насыялардын өлчөмү 3 млн сомго чейинки сумманы түзөт. Кызыктар тараптар кошумча маалыматтарды банктар аркылуу тактап алса болот.
Ошону менен катар Ишкердикти өнүктүрүү фонду аркылуу "Айым-көмөк" аталышындагы кредиттик программа ишке ашырылып келет. Ал боюнча ишкер айымдар 300 миң сомдом 5 млн сомго чейин 16 пайыз менен насыяларды алып жатышат. Бүгүнкү күнгө карата 307 айым ишкерлерге 417 миң сомго жакын суммада каражаттар берилген.
Жалпысынан алып караганда 2022-2024 жылдар аралыгында Финансы министрлиги тарабынан каржыланган жеңилдетилген насыялардын суммасы 1 млрд 720 млн сомго жакын каражатты түзөт. Өлкөнүн 1602 ишкери, анын ичинен 629 ишкер айымдар насыя ала алышкан.
Пикир
Оставить комментарий