• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Өлкөдө акыркы үч жылда бюджеттин көлөмү 2 эсеге өстү – экономист

Коом 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Быйыл мамлекеттин консолидацияланган бюджетин 660 млрд сомго жеткирүү боюнча амбициялуу план жөн жерден чыккан жок, бүгүнкү күндө аткарылышына толук шарт бар. Бул тууралуу экономист Эркин Абдразаков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Эксперттин пикиринде, акыркы үч жылда Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 2 эсеге өстү. Бюджеттин каражатынын көбөйүшүнө биринчиден Кыргызстанда акыркы учурларда ачылып жаткан ишкана-мекемелердин көптүгү, экинчиден көмүскө экономикадан чыгып жаткан тармактар себеп болууда. Үчүнчүсү санариптик экономикага өткөндүктөн, мурда көмүскөдө калып “чөнтөккө” кетип жаткан каражаттардын бардыгы түздөн-түз казынага түшүүдө.

“Элибиздин каржылык сабаттуулугу көтөрүлүп, өздөрүнүн укугуна ылайык сатып алууларды жүргүзүүдө чектерди талап кыла башташты. Ишкерлер арасында ККМди колдонгондор көбөйүп, бүгүнкү күндө алардын саны 100 миңден ашык аппаратты түзүү менен акыркы үч жылда 6 эсеге көбөйгөндүгү маалым. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо тармагында, курулуш багытында, айыл чарбасында бир топ жетишкендиктер бар.

Өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында логистикалык борборлордун курулушу, бажы тармагындагы реформалар бардыгы биригип экономикалык көрсөткүчтөрдү көбөйтүүгө негиз болууда. Өлкөдөгү административдик реформанын жыйынтыгында бир топ чыгымдардын кыскарышын, башкаруунун жакшырышын эске алуу менен көрсөтүлүп жаткан 660 млрд сомдун тегерегиндеги бюджеттик каражаттарды чогултууга толук кандуу шарт түзүлдү. Мурункудай калкты социалдык жактан эле колдой бербестен, азыр өндүрүшчүлөрдү колдоо жакшы жолго коюлууда. Алсак, ИДПнын өсүшү да товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактардын жана салыктардын өсүү темпинин жогорулашынан улам камсыздалды”,- дейт Абдразаков.

Эске салсак, 2020-жылы өлкөнүн консолидацияланган бюджети 247,7 млрд сомду түзсө, 2023-жылы бюджеттин ресурстары 577,2 млрд сомдон ашып, быйыл 2024-жылы 660 млрд сомго жеткирүү планы коюлган.

Пикир

Оставить комментарий