• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Өлкөдөгү бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына которуу демилгеси сунушталууда

Аймак 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы бир катар калктуу конуштарды айыл категориясына которуу демилгеси сунушталууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Мыйзам долбоору аркылуу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Мончок-Дөбө жана Шекафтар, Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл аймагынын Тамды-Суу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагынын Беш-Кемпир, Орто-Талаа, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак, Жандама, Катта-Тал, Күнгөй-Хасана, Мончок-Дөбө, Тескей, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Бек-Тоо жаңы түзүлгөн жалпысынан 12 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда. Белгилей кетсек, айыл макамын ыйгарууга сунушталып жаткан бул калктуу конуштарда бардыгы 25467 калк жашайт.

Андан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы да жактырылды.

Мыйзам долбоору аркылуу Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагынын Ынтымак, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагынын Такталык, Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагынын Чукур-Аксеки, Шортон, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Торгой-Булак, Төлөйкөн айыл аймагынын Бодур-Таш, Жапалак, Ноокат районундагы Исанов айыл аймагынын Кичик-Алай, Кеңеш айыл аймагынын Байыш, Батуу, Дары-Булак, Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата, Арык-Тейит, Кулуштан, Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Жайылма жана Кичи-Жайылма жаңы түзүлгөн айылдарынын, жалпысынан 16 калктуу конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий