• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өлкөдөгү оруп-жыюу өнөктүгүнө 1400дөн ашык комбайн тартылат

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Өлкөдөгү дан эгиндерин оруп-жыюу жумуштарын утурлай 1453 комбайн даярдалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы дан эгиндеринин бышуусуна жараша техникаларды аймактарга бирдей бөлүштүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Учурда оруп-жыюу өнөктүгүнө Чүй облусуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан 94 дан комбайндары тартылып, оруп-жыюу иштери өз нугунда өтүп жатат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагындагы оруп-жыюу өнөктүгүнө жалпы 400гө жакын дан комбайндары катышууда, анын 100гө жакыны тоо этегиндеги дыйканчылык зоналарына жиберилет.

Кошумчалай кетсек, быйыл бир комбайнга 253,4 гектар туура келет.

Пикир

Оставить комментарий