• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда токой ээлеген аянт 767 миң 548 гектарды түзөт – Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда токой ээлеген аянт 767 миң 548 гектарды түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин токой экосистемаларын өнүктүрүү департаментинин директору Нурлан Жумаев билдирди.

"Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин карамагындагы мамлекеттик токой фондунун аймагы 2 млн 619 миң 675 гектарды түзөт. Анын ичинен 767 миң 548 гектары токой баскан аянттар түзөт. 2019-жылга 2 миң 100 гектар жерге токой өсүмдүктөрүн отургузуу пландалган. Иш жүзүндө 2 миң 758 гектар жерге отургузулган. Мамлекеттик токой фондунун жеринде 1 миң 979 гектарга, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында 33 гектар жерге тигилген. Ошондой эле 746 гектары мамлекеттик токой фондунун тышкаркы жерлер түзөт – муниципалитет жана айыл өкмөттөрүнүн жерлери", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий