• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Өлкөдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын абалы өтө начар – саламаттык сактоо министри

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Өлкөдөгү жугуштуу оорулар ооруканасынын абалы өтө начар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов депутат Айнура Аскарованын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Аскарова өлкөдөгү жугуштуу оорулар бейтапканасынын абалы жана алардын канчасында оңдоо иштерин жүргүзүү керектиги тууралуу сурады.

Министрдин айтымында, өзүнчө жугуштуу оорулар ооруканасы Бишкек жана Ош шаарларында бар. Ал эми аймактардагы ооруканаларда жугуштуу оорулар бөлүмү бар.

"Тилекке каршы, ал бөлүмдөр жана ооруканалар өтө начар абалда. Көп жылдар бою оңдоо иштери жасалган эмес. Мындайча айтканда, аларга көңүл бурулган эмес. Келип түшкөн каражаттардын эсебинен ал ооруканаларда оңдоо иштери жасалып, жабдыктар менен жабдылат", - деди ал.

Депутат айым Абдикаримовдон жаңы жугуштуу оорулар ооруканасын куруу планы барбы деп сурады.

Министр билдиргендей, Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын аймагында Корея тараптын катышуусу менен жаңы оорукана куруу пландалууда.

"Жаңы оорукана 130 орунга эсептелген. Азыр тиешелүү документтер даярдалууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий