• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын алдында расмий түрдө кечирим сурады.

Байсаловдун айтымында, анын Жогорку Кеңештин конституциялык милдет жана укуктарына, депуттардын беделине, жалпы элдик бийликке жана демократияга шек келтирүү укугу да, ниети да болгон эмес. “Мен эмоцияга алдырып койдум. Сиздерден расмий түрдө кечирим сурайм”, - деди ал.

“Мен буга чейинки саясаттагы жолумда да элдик бийлик, демократия, ачык талкуу, үчүн күрөшүп келгем”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Байсалов анын дарегине айтылган сындарды туура кабыл аларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен айрым эл өкүлдөрү кайым айтышып, андан соң депутаттар Байсаловдун кызматтан кетүү маселесин көтөрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий