• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда сасык тумоо боюнча абал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Венера Алымкулова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада вирустук инфекцияларга чалдыккан 2 миң 500 учур катталса, дүйшөмбүдөн тарта бүгүнкү күнгө чейин 3 миң 500 учур катталды.

“Туура эмес тамактануудан, сергек жашоо образын карманбагандыктан, ооруган киши да, оорубаган киши да өздүк гигиена этикетин сакташпагандыктан курч вирустук оорулар дайыма кайталанып келүүдө. Учурда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнөн сасык тумоо менен вирустук инфекциялардын саны көбүрөөк каттала баштады. Дарыгерлер оорунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө”, - дейт Венера Алымкулова.

Департаменттин адиси белгилегендей, сасык тумоону алдын алуунун эң негизи жолу бул - эмдөө болуп саналат. Сасык тумоо жана КРВИге каршы вакцинациялоо иши жакында башталат. Департаментке вакцина келип түшсө, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна таратылат.

Пикир

Оставить комментарий