• 87
  • 91.29
  • 0.84

Өлкөдө шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктады

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. Өлкөдө саат 20:00дө шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктады.

Саясий өнөктүккө карата 2437 шайлоо участкасы иштеди. Ошондой эле жалпы 10 шайлоо участкасында шайлоочулар үчүн аралыктан добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер - 2 000 528 (48,38%), аялдар - 2 134 511ге (51,62%) жетти.

Жалпысынан 33 шаардык кеңештеги 993 депутатка жана 231 айылдык кеңештеги 5391 депутатка добуш берилди.

БШКга эми шайлоо комиссияларынан добуштардын саны боюнча маалыматтар келип түшө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий