• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Өлкөдө уран калдыктары сакталган жайлар коркунучсуз жерлерге көчүрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Өлкөдө уран калдыктары сакталган жайлар коркунучсуз жерлерге көчүрүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, калдыктарды коопсуз жерлерге көчүрүү иштери эми түштүк аймактарында башталат. Жакынкы келечекте бул иштерден кийин Кыргызстан уран калдыктарысыз мамлекетке айланат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайдагы иштер апрель айына чейин созулмай болду.

Бул багыттагы иштер Росатом менен биргеликте аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий