• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өлкөгө алынып келинген унааларга төлөмдүн төмөндөшү автопарктын жаңырышына шарт түзөт

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Кыргызстанга алынып келинген унааларга болгон бажы төлөмдөрүнүн бааларынын өлчөмү төмөндөдү, ал эми электромобилдерге нөлдүк баа киргизилди. Бул тууралуу кененирээк "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү айтып беришти.

Экономика министрлигинин бажы-тарифтик саясаты бөлүмүнүн эксперти Айдар Самыкбаевдин билдиргенине караганда, министрлик аталган тармактагы азыркы абал боюнча анализ жүргүзгөн.

"Орточо эсеп менен 60 пайызга төмөндөө болуп, 2014-жылдагы дэңгээлге кайттык", - деди ал.

Ал эми КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын бажы көзөмөлүн уюуштуруу башкармалыгынын кызматкери Адилет Бердибеков башкы максат гибриддик автотранспорт каражаттарын жана электромобилдерди ташып келүүгө стимул берүү жана КРнын автопаркын жаңылоо экенин айтты.

Эске сала кетсек, өкмөттүн токтому менен бажы төлөмүнүн жана салыктардын бирдиктүү баасынын өлчөмдөрү 2014-жылда болгон баага чейин төмөндөп жатат.

Пикир

Оставить комментарий