• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

УКМК: Атайын эсепке кезектеги акча төлөмдөрү которулду

Коом 0

Бишкек, 13.07.18. /Кабар/. Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акча үчүн ачылган атайын эсепке кезектеги акча каражаты которулду, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

“2018-жылдын 12-июлунда КР УКМК тарабынан өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-токтомун арткарууга ылайык, КР Финансы министирлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмдөрү 13,3 млн. сом өлчөмүндөгү акча каражат которулду”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы 109,2 млн. сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий