Бишкек, 16.02.18. /Кабар/. Өлкөнүн айрым аймактарында газ убактылуу жок болот,-деп билдирет “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы.
Ага ылайык газ берүү төмөнкү даректерде болбойт:
- 19-февралда Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүндө;
- 21-февралда Жалал-Абад шаарынын Вагутин көчөсүндө;
- 20-22-февралда Бишкек шаарынын Киев, Тыныстанов, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий