• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өлкөнүн өнүгүп жатканы элетте өзгөчө байкалууда - делегат

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Диана Айдарова - Кабар/. Өлкөнүн өнүгүп жатканы элетте өзгөчө байкалууда. Бул тууралуу III Элдик курултайга Жалал-Абад облусунан келген делегат Жумакан Журкулова билдирди.

"Биз кечээ курултайдын бардык делегаттары менен экскурсияда болдук. Экскурсиянын жүрүшүндө жаңы алынган техникаларды көрдүк. Кыргызстандын экономикасынын канчалык деңгээлде өнүгүп жатканы баарыбызга сезилип жатат, өзгөчө айыл аймактарда жашаган элге. Бир эле тармакта эмес, бардык тармакта орун алган өнүгүүнү көргөндө мамлекетибиз дүйнөлүк деңгээлге чыгат деген ишенич пайда болду", - деди ал.

Аны менен катар, делегат курултайда майыптуулугу бар балдар үчүн аймактарда реабилитациялык борборлорду куруу маселеси көтөрүп чыгарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий