• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шестаков: Чек арадагы жаңжал эч кимге пайда алып келбейт

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кечээ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында абал ТР жарандары Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү каналдын жанына видео көзөмөл орноткондон кийин курчуп кеткен. Эки өлкөнүн жашоочуларынын ортосундагы оозеки айтышуунун натыйжасында бири-бири тарапка таш ыргыта башташкан. Андан кийин тажик тарап жолдон өтүп бара жаткан КР жарандарынын унааларын аңчылык куралдары менен аткылап башташкан.

Саясат таануучу Игорь Шестаков чек арадагы абалга баланыштуу пикиринин билдирди.

«Бул көйгөй бүгүн эле чыга калган жок. Менин пикиримде жаңжалдын курчушу эң орчундуу учурларга жетти. Сүйлөшүү процессин баштоо керек. Менин түшүнүшүмчө расмий Душанбе Кыргызстандын президентинин барын тынчтык жолу менен жөнгө салуу керек деген билдирүүсүнө азырынча жооп кайтара элек. Ушуга байланыштуу менин оюмча чыр-чатактуу окуялардын мындан ары созулуп кетиши бир гана мамлекеттердин коопсуздугуна эмес, ошондой эле жашоочулардын, биринчи кезекте ушул аймактарда жашагандардын жана жалпы эле аймактын коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Террористтер менен экстремисттерге каршы чакырыктар эч жакка кеткен жок. Өзбекстан аймактык коопсуздукка коркунуч туулуп жаткандыгын түшүнүп, сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылууну сунуштаганы бекеринен эмес»,-дейт саясат таануучу.

Шестаков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров позициясында альтернатива жок экендигине көңүл бурду. «Сүйлөшүүлөр канчалык эрте башталса атышуулар ошончолук тез токтойт»,-деп белгиледи саясат таануучу.

Ошондой эле, ал көйгөйдү куралдуу күчтөрдүн жардамы менен чечүү – бул ишти тереңдтүүго гана өбөлгө болорун белгиледи. «Мен расмий Душанбе ыкчам түрдө тиешелүү чечимдерди кабыл алыш керек деп эсептейм. Мындан тышкары, өлкөлөр ЖККУнун үчөсү болуп саналат, алар зарыл болсо сүйлөшүүлөргө ортомчу катары чыгышы керек. ЖККУ аймактын коопсуздугу үчүн жооп берет, алардын базасы эки өлкөдө тең бар. Жаңжал эртерээк жөнгө салынышы үчүн бул уюмдун кандайдыр бир реакциясы болуш керек»,-деди эксперт.

Маектешүү учурунда тараптар ок атууну токтотуу тууралуу макулдашты деген маалымат пайда болду, буга байланыштуу Шестаков эгер ушундай келишимге жетишсе анда Душанбе жакшы ой пайда болгон экен деп кошумчалады. Мындай жаңжал өзүнүн социалдык көйгөйлөрү жетиштүү болгон Тажикстандын колунда эмес.

Пикир

Оставить комментарий