• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Судьялар кеңешине видеоконференцсистеманын жабдуулары тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Күн мурун Судьялар кеңешинин имаратында видеоконференцбайланыш жүргүзүүчү жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Судьялар кеңешинен билдиришкендей, жабдуулар Кыргызстандагы «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалы тарабынан 490 миң сомго жакын суммага сатып алынган. Жабдуулар аркылуу видеоконференцбайланыш режиминде Судьялар кеңешинин отурумдарын жана презентацияларды өткөрүү пландаштырылууда.

Тапшыруу аземине Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаев, «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын директору Уильям Альфред Хьюстон, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директору Рустам Шабыев, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесинин директорунун орун басары Григорий Мамыкин жана «Ист-Вест Менеджмент Институту» филиалынын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, аталган демөөрчүлүк колдоо Судьялар кеңешинин материалдык-техникалык жактан камсыздалышын жакшыртуу боюнча 2023-2026-жылдарга «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун алкагында көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий