• 87
  • 90.43
  • 0.88

Өлкөнүн сот приставдарына кызматтык унаалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 26.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Өлкөнүн сот приставдарына “Тулпар моторс” ишканасынан чыгарылган 54 даана жаңы “Шевроле Трекер” үлгүсүндөгү кызматтык унаа тапшырылды.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, директордун орун басарлары Жылдыз Рыскулова, Канат Осмонов, Сот департаментинин кызматкерлери, Бишкек шаарынын жана облустардын Сот приставдары кызматынын өздүк курамы катышты.

Унаалардын ачкычын тапшыруу салтанатында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев сөз сүйлөп, кызматтык унаалар сот приставдарына күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткарууга жардам берет деп ишенерин айтты.

“Сот приставдар кызматы түзүлгөндөн тартып алгачкы жолу кызматтык унаалар тапшырылууда. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен бир жыл мурун сот аткаруучуларга 47 унаа алып берсек, азыркы күндө сот приставдарга өз өлкөбүздө чыгарылып жаткан 54 унаа сатып алдык. Бул кызматтык автоунаалар сот приставдарынын күнүмдүк кызматтык милдеттерин натыйжалуу жана так аткаруусуна жардам берет деп ишенебиз", - деди Медербек Сатыев.

Эскерте кетсек, жогоруда аталган унааларды сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 102 млн 898 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий