• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өлкөнүн түштүгүнө 11 вагондон турган үрөн Өзбекстан аркылуу жеткирилди — “Кыргыз темир жолу”

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкөнүн түштүгүнө 11 вагондон турган үрөн Өзбекстан аркылуу жеткирилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директорунун орун басары Дастан Усубакунов билдирди.

Эскерте кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев учурда үрөн ташуу Украинадагы абалга байланыштуу кармалып, ошондой эле Өзбекстандын темир жолу жабык болгондуктан аны өлкөнүн түштүк аймагына жеткирүү кыйынга туруп жатканын айткан.

“Украинадагы кырдаалга байланыштуу Россия жана Казакстандын чек арасында вагондор токтотулду деген маалыматтар келген. Ал Россиянын президенти Владимир Путиндин ички сырьену сыртка чыгарбоо буйругунун негизинде аткарылууда. Ал эми Өзбекстан боюнча айтсам, 11 вагондон турган үрөн Өзбекстан аркылуу Кара-Суу шаарына жетип, таратылууда. Өзбекстанга темир жол ачык”, - дейт Усубакунов.

Пикир

Оставить комментарий