• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өлкөнүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт – Аскат Алагөзов

Коом 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Өлкөнүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, бир нече маалымат сайттары президент Садыр Жапаровдун жана минкаб төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары кылмышка шектелип кармалганын өздүк булактарына шилтеме кылып кабарлашты.

Алардын мыйзамсыз аракеттерге баруусу боюнча компетенттүү органдар расмий маалымат беришерин, мамлекет башчысы мыйзамсыз иштерди жасагандар ким болбосун, жоопкерчиликке тартылышы керек деген позицияны карманарын Алагөзов кошумчалады.

“Сиздердин көңүлүңүздөрдү дагы бир жолу өлкөбүздүн жогорку бийлиги мыйзамсыз аракетке баргандарды калкалабай тургандыгына бургум келет. Президент Садыр Жапаров мыйзамсыз аракетке баргандар ким болбосун иштеп жаткан мыйзамдардын чегинде ээлеген кызматына, социалдык статусуна карабай жооп бериши керек деген айныгыс позицияны карманат”, - деп белгиледи Алагөзов.

Пикир

Оставить комментарий